• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Тажикстан футбол курама командасынын башкы машыктыруучусу отставкага кетти

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 28.03.18 /Кабар/. Тажикстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Хаким Фузайлов кызматынан кетүү тууралуу арыз жазды.

Машыктыручунун мындай кадамына 2019-жылы өтө турган Азия Кубогунун тандоо айлампасында Тажикстандын Филиппинден (1:2) эсебинде утулуп, финалга чыга албай калышы себеп болду.

«Биринчи кезекте Тажикстан курама командасынын бардык күйөрмандарынан кечирим сурайм. Тилекке каршы, жыйынтыктар канааттандырарлык эмес. Биз турнирдин финалдык беттешине чыга албай калдык. Жакшы жыйынтык көрсөтө албаганыбыз үчүн бардык жоопкерчиликти өзүмө алам жана отставкага кетем», - деди ал.

Фузайлов Тажикстан курамасы Азия кубогуна катышууга татыктуу экенин, бирок жеңиш гана жетишпей калганын кошумчалады.

Манилада өткөн оюн мушташ менен коштолгон. Судья эки команданын футболчуларына тең кызыл айып кагазын көрсөткөн.

Пикир

Оставить комментарий