• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Тажикстан ИИМ: шаарда атайлап өрттө болгон жок

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 25.06.18. /Кабар/. Тажикстан ИИМи борбор калаадагы акыркы өрт кырсыктары атаандаштардын өч алуусунан улам келип чыккан деген кептерди четке какты.

Соңку жумаларда Душанбе шаарында беш ири өрт кырсыгы катталган. Акыркы жолу 24-июнда “Рохат” аттуу кафе өрттөнүп кеткен. Шаар бийлиги кабарлагандай, курмандыктар болгон эмес.

Душанбе шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы, генерал Шариф Назарзода борбор калаада объектилерди атайын өрттө учурлары катталбаганын баса белгиледи. “Өрттүн баары кожоюндардын шалаакылыгынан жана өрт коопсуздук эрежелеринин сакталбагандыгынан келип чыкты. Дагы бир жолу кайталайм: атайын өрттөө болгон жок”, - деди шаар милиция башчысы.

Анын айтымында, быйыл былтыркы жылдын ушул маалына караганда өрт кырсыктары аз катталды.

Июнь айында Душанбеде “Султони Кабир” базары, “Мерве” түрк кафеси, “Суман” кийим тигүү цехи өрттөнгөн. Эң ири өрт 2-июнда “Султони Кабир” базарында болуп, 1230 чарчы метр аянттагы жерде жайгашкан соода түйүндөрү жана дүкөндөр күйүп кеткен. Шаар бийлигинин маалыматы боюнча чыгым 3,5 миллион сомонини (390 миң доллар) түзгөн.

Өрт электр зымдарын туташтыруудагы кемчиликтерден улам келип чыкканы кабарланган.

Пикир

Оставить комментарий