• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Тажикстан: ири өрттөн кийин базардын кызматкерлерине кылмыш иши козголду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 02.07.18. /Кабар/. Жакында эле өрт чыккан Душанбедеги «Султони Кабир» базарынын жооптуу кызматтагы адамдарына айып тагылып, кылмыш иши козголду. Тергөөнүн версиясы боюнча 2-июндагы өрттүн чыгуу себептеринин бири — аталган адамдардын өз милдеттерине «көңүл кош мамиле кылгандыгы» болгон.

Анда өрт маалында бир нече кампа жана 21 соода жайы күйүп, жалпы чыгым 3,5 миллион сомонини же 390 миң долларды түзгөн.

Душанбенин өрткө каршы кызматынан билдиришкендей, териштирүү иштеринин жыйынтыгында базардын үч кызмат адамына «мүлккө зыян келтирүү» беренеси менен кылмыш иши козголду. Эгер алар күнөөлү деп табылса, 12 500 сомони өлчөмүндөгү айыппулга жыгылып, эки жыл коомдук жумуштарды аткаруу же эки жылга эркинен ажыратуу жазасы менен жазаланат.

Өз булактар тергөөнүн купуялуулугуна таянып, айыпталып жаткан адамдардын аты-жөнүн айтуудан баш тартып, алар базарда өрттүн алдын алуу бөлүмүндө иштей турганын кошумчалады.

«Бир нече ай мурда Өрткө каршы күрөшүү кызматынын өкүлдөрү «Султони Кабир» базарындагы өрт коопсуздугун текшерип, аталган кызматкерлерге аныкталган мүчүлүштүктөрдү жоюу боюнча эскертүү беришкен. Бирок алар милдеттерине көңүл кош мамиле кылып, өз кезегинде бул өрттүн чыгышына себеп болгон», - деди булак.

Анын айтымында, аталган кызматкерлер өрт чыккан имаратка электр берүүнү өз убагында токтоткон эмес деп айыпталууда.

Өткөн айдын башындагы өрттөн дээрлик 30га жакын ишкер олуттуу зыянга учураган. «Султон Кабир» базарынын директору Султон Кабиров базардагы өрткө каршы коопсуздук чаралары күчөтүлгөнүн билдирип, анда атайын өрткө каршы бөлүм ачуу каралып жатканын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий