• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Тажикстан Көчө-Бою айылындагы курал колдонууну мыйзамсыз деп тапты - КР Чек ара кызматы

Аймак 0

Бишкек, 17.12.21. /Кабар/. Кечээ, 16-декабрда мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде курал колдонуу менен жаңжал чыкты.

КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдиргендей, Кыргызстандын жарандары Баткен облусунун Баткен районундагы Көчө-Бою жергесинде курулуш иштерин жүргүзүп жатышкан. Ал жерге Тажикстандын чек арачылары келип, курулушту токтотууну талап кыла баштаган.

Ошентип оозеки урушуу жаңжалга айланып, анын жүрүшүндө тажик аскер кызматкеринин бири макаров тапанчасынан асманга 4 жолу ок аткан.

Ошол замат Кыргызстандын Баткен багыты боюнча чек ара өкүлү менен Тажикстандын Исфара багытындагы чек ара өкүлүнүн жолугушуусу болду.

Тажик тарап курал колдонуунун туура эмес болгонун моюндашкан, анткени Кыргызстандын жарандары курулуш иштерин чек арага жакын эмес, Көчө-Бою айылынын ичинде жүргүзүп жатышкан.

Тажикстандын чек ара өкүлү жаңжалдуу кырдаалга жол берген аскер кызматкерине карата чаралар көрүлөрүн билдирген.

Тараптар бир тараптуу иликтөө жүргүзүүгө жана анын жыйынтыгын чыгаруу үчүн жолугууга макулдашышты.

Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал туруктуу деп бааланууда.

Пикир

Оставить комментарий