• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Тажикстан кайрадан диний эркиндикти чектеген өлкөлөрдүн катарына киргизилди

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 23.12.19. /Кабар/. АКШнын Мамлекеттик департаменти Тажикстан дин тутуу эркиндигин бузган тогуз өлкөнүн тизмесинде калганын билдирди. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпеонун 20-декабрдагы билдирүүсүндө айтылат.

Анын айтымында, диний эркиндикти коргоо Дональд Трамптын администрациясынын тышкы саясатынын приоритеттеринин бири жана АКШ бул тармактагы мыйзам бузууларга каршы күрөштү уланта берет.

1998-жылы кабыл алынган Эл аралык диний эркиндик жөнүндөгү мыйзамдын алкагында, Бирма (Мьянма), Кытай, Эритрея, Иран, Түндүк Корея, Пакистан, Сауд Арабиясы, Тажикстан жана Түркмөнстан мурдагыдай эле өзгөчө тынчсызданууну жараткан өлкөлөрдүн тизмесине киргизилди. АКШ бул өлкөлөр дайыма дин тутуу эркиндигин чектеп, динге ишенгендердин укуктарын бузуп келет деп эсептейт.

Тажик бийлиги Мамлекеттик департаменттин билдирүүсүнө жооп кайтара элек, бирок мурда өлкөдө дин тутуу эркиндиги сакталарын батыш өлкөлөрүнүн баасы туура эмес экенин билдирип келген.

Тажикстан АКШнын бул тизмесине 2016-жылдан бери киргизилип келет.

Пикир

Оставить комментарий