• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Тажикстан кайрадан Өзбекстанга электр энергиясын сата баштады

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 08.05.20. /Кабар/. Тажикстан кайрадан Өзбекстанга электр энергиясын сата баштады. Бул тууралуу тажик басылмалары кабарлашты.

Маалыматка караганда, азырынча өзбек тарап электр энергиясын 220 киловольттук эки линия аркылуу аз өлчөмдө алып жатат. Жакын арада 500 киловольттук линиялар пайдаланыла баштайт деп күтүлүүдө. Ортодогу макулдашуу 2020-жылдын октябрына чейин күчүндө болот.

Азырынча эки өлкө электрдин баасына байланыштуу акыркы чечимге келе элек.

Өткөн жылы Тажикстан Өзбекстанга киловатын 2 центтен сатып, 1,5 миллиард кВт\саат электр энергиясын импорттогон. Анын жалпы баасы 28,5 миллион долларды түзгөн.

Тажикстан өз жарандарын толук камсыз кылыш үчүн Өзбекстанга электр энергиясын сатууну былтыр декабрда токтоткон.

Пикир

Оставить комментарий