• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Тажикстан калкынын саны тогуз миллионго жетти

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 28.05.18. /Кабар/. Тажикстандын тогуз миллионунчу жашоочусу 26-майда эртең менен Душанбедеги №1 төрөт үйүндө жарык дүйнөгө келди. Бул тууралуу улуттук «Ховар» маалымат агенттиги кабарлады.

Маалыматка караганда, учурда 3,6 килограмм салмакта төрөлгөн кыз менен 28 жаштагы апасы Назира Мулложонованын абалы жакшы.

Тажикстандын Эмгек жана калкты иш менен камсыз кылуу агенттигинде иштеген Мулложонова бул окуя ал үчүн күтүүсүз болгонун айтты. «Мен өлкө калкынын саны 9 миллонго жетип калганын билген эмесмин. Бүгүнкү күн мен үчүн өтө кубанычтуу күн болду», — деди ал. Наристенин атасы Фируз Латипов көптөн бери кыздуу болууну самап келгенин айтты. Үй-бүлөнүн буга чейин бир эркек баласы болгон.

Өлкө президенти кыздын ата-энесин куттуктап, аларды жаңы батир менен камсыз кылууну тапшырды. Борбор калаанын башчысы Рустам Эмомали ошол эле күнү Назира Мулложоновага Душанбенин борборунан бардык шарттары бар үч бөлмөлүү батир берүү тууралуу токтомго кол койду.

Тажикстан балдардын төрөлүшү боюнча мурдагы совет өлкөлөрүнүн ичинде алдыда келе жатат. Статистикалык маалыматтар боюнча жыл сайын калктын саны 2,2 пайызга же 200 миң кишиге көбөйүүдө.

​Ошол эле маалда Борбор Азия боюнча Тажикстан гана расмий түрдө жарандарына аз балалуу болуу кеңешин берип келет. Өлкө калкы эң жаш мамлекеттердин катарына кирет.

БУУнун божомолу боюнча 2050-жылга карата Тажикстан калкынын саны 14,4 миллионго жетет.

Пикир

Оставить комментарий