• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Тажикстан келишимдерди бузду. Ташиев, Бөрүбаев жана Мырзаев Чоң-Алайга кетти

Коом 0

Бишкек, 04.06.21. /Кабар/. Тажикстан Республикасынын аскер кызматкерлери делимитациялоо жана демаркациялоо процесстери жыйынтыкталганга чейин кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы жазылбаган тилкелерде кандайдыр-бир иштерди жүргүзүүгө тыюу салынгандыгы тууралуу мурда жетишилген макулдашууларга карабастан, жетишилген келишимдерди бузуу менен 2021-жылдын 4-июнунда таңкы саат 03.00дө Кыргыз Республикасынын аймагына 1000 метр кирип келип, Ош облусунун Чоң-Алай районундагы «Унжу-Булак» мамлекеттик чек арасынын жазылбаган тилкесинде контейнер орноткон.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, муну менен тажик тарап мурда жетишилген макулдашууларды бузуу менен кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы абалды курчутууда, бул коңшулук жана достук мамилеге туура келбейт.

Буга байланыштуу кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын делегациясынын жетекчиси эсептелген Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы, генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев Министрлер Кабинетинин чек ара маселеси боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев жана Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Абдулат Мырзаев менен биргеликте түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу үчүн аталган жерге жөнөп кетти.

Пикир

Оставить комментарий