• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Тажикстан коронавирус жуктурган алгачкы 15 учур катталгандыгын расмий түрдө жар салды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 30.04.20. /Кабар/. Кечээ, 29-апрелде, Тажикстанда коронавирус жуктурган алгачкы 15 учур катталды. Бул тууралуу Азия-Плюс басылмасы өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигине таянуу менен жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, өлкөдө илдетти жуктурган 15 учур катталганын 30-апрелде коронавирус пандемиясынын алдын алуу боюнча республикалык штабдын ыкчам жыйынында белгилүү болгон.

Жыйын Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзоданын катышуусунда өткөнүн "Ховар" маалымат агенттиги билдирет.

Тажикстандын Саламаттык сактоо жана социалдык коргоо министрлигинин маалыматында, 29-апрелде өлкөдө COVID-19 оорусун жуктурган 15 учур катталган. Алардын 10у Вилояти Сугд облусунда, бешөө Душанбеде аныкталган. Ошондой эле республикалык штабдын чечими менен ар бир жаран беткап кийүүгө милдеттүү.

Ошондой эле 1, 2, жана 3-курстун студенттери 4-майдан баштап каникулга тарашат. Алардын баалары буга чейинки жетишкендиктерине ылайык коюлат. Ал эми университеттердин бүтүрүүчүлөрү 15-майга чейин экзамендерин тапшыруусу керек.

Билдирүүдө айтылгандай, медициналык жана алдын алуу мекемелеринде 2 миңден ашык жаран болууда. 29-апрелдин маалыматына караганда, 304 адам медициналык мекемелердин чыгарылган.

Тажикстанда 1-февралдан баштап 30-апрелге чейин карантинге 10 миң 937 адам алынган. Алардын ичинен 8 миң 438 жаран карантинден чыгарылган. Ошол эле учурда өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги илдет кайсы райондордо катталгандыгын маалымдаган эмес.

Пикир

Оставить комментарий