• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Тажикстан коронавируска каршы 2 миллион доза вакцина алууга билдирме жөнөттү

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 22.01.21. /Кабар/. Тажикстандын Саламаттык сактоо министрлиги коронавируска каршы 2 миллион доза вакцина алуу боюнча Глобалдык COVAX альянсына билдирме жөнөттү. Бул тууралуу мекеменин Санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук башкармалыгынын жетекчиси Навруз Жафаров билдирди.

Анын айтымында, COVAX боюнча алына турган вакцина менен Тажикстанда алгач медицина жана билим берүү тармактарында иштеген жарандар, ошондой эле 50 жаштан ашкан жана өнөкөт оорулары бар тургундар эмделет.

«Тажикстандын бул билдирмесин COVAX комиссиясы карайт. Азырынча өлкө кайсыл вакцинаны алат белгисиз. 2 миллион доза калктын 20 пайызын эмдөөгө жетет», — деди Жафаров.

Декабрдын аягында Тажикстандын саламаттык сактоо министри Жамолиддин Абдуллозода Дүйнөлүк банк коронавируска каршы вакцина сатып алуу үчүн өлкөгө 3 миллион доллар бөлүп бергенин билдирген.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына караганда, бүгүнкү күндө дүйнө боюнча 50дөн ашык өлкө коронавируска карата эмдөө иштерин баштады. Алардын көбүн (38) кирешеси жогору өлкөлөр түзөт.

Расмий маалыматтарга ылайык, Тажикстанда коронавирус 13 миң кишиге жугуп, 90 бейтап каза болду. Бейрасмий түрдө өлкөдө COVID-19дун курмандыктары бир нече эсе көп экенин айтылып келет.

Пикир

Оставить комментарий