• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Тажикстан Кыргызстан менен чек арасындагы бардык өткөрмө бекеттерди жапты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 25.03.20. /Кабар/. Тажикстан 24-марттан тартып кыргыз-тажик чек арасындагы бардык көзөмөл-өткөрмө бекеттерди жапты. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, мындай чара Кыргызстанда коронавирус жуктурган адамдар аныкталгандыгына байланыштуу кабыл алынды жана абал турукташканга чейин сакталат.

Ошол эле маалда өткөрмө бекеттер аркылуу өлкөгө кирип жаткан тажикстандыктар, Тажикстандан чыгып жаткан чет өлкөлүктөр, жүк ташуучу автоунаалар, өкмөттүк делегациялардын мүчөлөрү, Тажикстанда аккредитациядан өткөн дипломаттар жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү өткөрүлүп турат.

Тажикстанда расмий түрдө коронавирус жуктурган адамдар каттала элек.

Пикир

Оставить комментарий