• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Тажикстан мектептеринде кайрадан ата-энелерден акча чогултулууда

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 13.04.18. /Кабар/. Тажикстандын Хужанд шаарында ата-энелерден мектеп ремонтуна деп акча чогултула баштады. Өткөн жылы өлкөнүн Билим берүү министрлиги ата-энелерден «мыйзамсыз акча чогултууга» тыюу салган.

Жергиликтүү тургун Мухайё Хакимованын айтымында, мектеп директорлору ата-энелерден 50-100 сомони талап кылып жатышат. «Мага балам окуган класстын ремонтуна деп 70 сомони (8 долларга жакын) төлөшүм керектигин айтышты. Андан тышкары ар бир ата-эне мектепти оңдоо иштерине деп ай сайын 10 сомониден берип турушу керек экен», - деди ал.

Ал ортодо мектеп директорлору ата-энелерден айласыздан акча сурап жаткандыктарын айтышууда. «Быйыл мектептин ремонтуна 53 миң сомони (6 миң долларга жакын) бөлүнгөн. Бул акча электр жарыгы, суу, таштанды чыгаруу үчүн төлөнүп, компьютер сатып алууга жана мектеп парталарын калыбына келтирүүгө жумшалды. Ал суммадан болгону 3 миң гана сомони калды, ага оңдоо иштерин жүргүзүүгө мүмкүн эмес. Азыр шаардагы дээрлик бардык мектептердеги абал ушундай», - деди директорлордун бири Абдурасул Кадыров.

Анын кесиптештери билдиришкендей, жакында эле алар мектептерди ата-энелердин жана ишкерлердин жардамы менен оңдоо боюнча жергиликтүү бийликтен кат алышкан.

​Былтыр жайында өлкөнүн Билим берүү министрлиги мектептерде ата-энелерден «мыйзамсыз акча чогултууга» тыюу салган. Министрдин буйругуна ылайык, ата-энелерден мектептин ремонтуна, эмерек, жабдууларды сатып алууга, техникалык кызматкерлер менен күзөтчүлөрдүн айлыгына деп акча чогултууга болбойт. Ата-энелер балдарынын кошумча сабактары үчүн гана акча бере алышат.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий