• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Тажикстан менен Беларус кызматташуу боюнча 15 документке кол койду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 16.05.18. /Кабар/. 15-мартта Душанбеде Беларус жана Тажикстан президенттери мамлекет аралык жана мекеме аралык 15 документке кол коюшту, алардын арасында 2019-2020-жылдардагы эки тараптуу кызматташуу боюнча "жол картасы" да бар.

Тажикстан президентинин маалымат кызматы билдиргендей, “жол картасы” маанилүү тармактарда кызматташуу мүнөзүн аныктайт.

Беларус президенти Александр Лукашенко 14-майда Тажикстанга үч күндүк расмий сапар менен келген. Эмомали Рахмон менен Александр Лукашенко жолугушуп, соода-экономикалык кызматташуу, өндүрүш кооперацияларын өнүктүрүү, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана үчүнчү өлкөлөрдүн базарларында иш алып баруу боюнча макулдашты.

Тараптар терроризм, экстремизм, наркотрафик, мыйзамсыз курал сатууга каршы күрөшүүдө кызматташууну бекемдөө зарылдыгын белгилешти.

16-майда Душанбеде тажик-беларус бизнес-форуму өтөт, ага Ооганстандын ишкер адамдары да чакырылган. Ушул эле күнү Рахмон менен Лукашенко Беларустун Тажикстандагы улуттук көргөзмөсүн ачуу салтанатына катышат.

Пикир

Оставить комментарий