• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Тажикстан менен чектешкен Көк-Таш айылынын тургундарына COVID-19 боюнча түшүндүрүү иштери жүгүзүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 01.05.20. /Кабар/. Тажикстан менен чектешкен Баткен облусунун Көк-Таш айылынын тургундарына COVID-19 боюнча түшүндүрүү иштери жүгүзүлүүдө. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Баткен районунун Көк-Таш айылдык милиция бөлүмүнүн кызматкерлери ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматынын №707 бөлүгүнүн кызматкерлери менен биргеликте чектеш аймактарда жашаган айыл тургундарына COVID-19 илдетин алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин алып барууда.

Ошондой эле айыл тургундарынан түзүлгөн ыктыярдуу элдик кошуундар менен биргеликте кылмыштуулуктун алдын алуу, санитардык-гигиеналык эрежелерди туура сактоо максатында жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Көк-Таш айылынын М.Назаров жана О.Боронбаев көчөлөрү Тажикстандын Исфара районунун Майский, Саманён айылдары менен чектешкен аймактар. Баткен районунун Көк-Таш айылдык милиция бөлүмү Тажик Республикасынын Исфара районунун Майский, Саманён, Чорку, Хожай-Ало айылдары жана Ворух анклавы менен чектешкен аймактарды тейлешет. КР ИИМдин ички коопсуздук аскер кызматынын №707 бөлүгүнүн кызматкерлери Көк-Таш айылынын милициясы жана ыктыярдуу элдик кошуундар менен биргеликте 3 маршрутка бөлүнүп, эртең менен 08:00дөн кечки саат 20:00гө чейинки аралыкта кайгуул күзөттөрдү жүргүзүп жатышат.

Пикир

Оставить комментарий