• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Тажикстан менен Ирандын ортосундагы аба каттамы июндун башында жанданат

Дүйнө 0

Бишкек. 28.05.19 /Кабар/. Тажикстандын авиациялык бийлиги Ирандын Varesh Airlines авиакомпаниясына Мешхед – Душанбе – Мешхед багыты боюнча каттамдарды аткарууга уруксат берди. Бул тууралуу Тажикстандын жарандык авиация агенттигинин директорунун орун басары Азиз Набизода билдирди.

«Бир ай мурда Ирандын жарандык авиация агенттиги Varesh Airlines авиакомпаниясы менен жүргүнчүлөрдү ташууга зарыл болгон бардык документтерди жөнөткөн. Биз аларды карап чыгып, Мешхед-Душанбе-Мешхед багыты боюнча каттамдарды аткарууга уруксат бердик», — деди Набизода.

Бул багыт боюнча алгачкы каттам Varesh Airlines авиакомпаниясынын Boeing 737-500 учагы менен 6-июнда аткарылат.

Билеттин баасы бир тарапты көздөй 2360 сомони (250 долларга жакын), эки тарапка 3750 сомонини (395 доллар) түзөт.

Varesh Airlines авиакомпаниясынын Тажикстандагы расмий өкүлү Абдуризо Мухаммади белгилегендей, иран тарап эки өлкө ортосунда аба байланышы жок болгондуктан улам каттамды калыбына келтирүү өтүнүчү менен тажик бийлигине кайрылган.

«Азыр каттамдар жумасына бир жолудан аткарылып турат. Биз «Тажик Эйр» авиакомпаниясы өз көйгөйлөрүн чечип, Душанбе-Тегеран-Душанбе багыты боюнча кайрадан уча баштайт деп үмүттөнүп жатабыз», - деди Мухаммади.

Буга чейин бул багыт боюнча каттамдарды аткарып келген Ирандын Aseman Airlines авиакомпаниясы былтыр күзүндө экономикалык каатчылыктан улам учууларын токтоткон.

Пикир

Оставить комментарий