• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Тажикстан менен негизги чек ара маселеси Ворух анклавы болуп саналат – Ташиев

Саясат 0

Бишкек, 26.03.21. /Кабар/. Тажикстан менен негизги чек ара маселеси Ворух анклавы болуп саналат. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Ташкентте өткөн кыргыз-өзбек чек арасы боюнча сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын чыгарган маалымат жыйынында билдирди.

“Эми Тажикстанга өтөбүз. Тажикстан менен маселелер чечиле элек, анда Ворух анклавы негизги маселелердин бири болуп турат. Аталган анклав боюнча биз Тажикстанга өзүбүздүн эки сунушубузду бердик. Биринчиси, анклавдын чек арасын мыйзамдуу түрдө ченеп, токтотобуз. Бирок анклавка өзүбүздүн аймагыбыздан пайдалануу үчүн гана, башкача айтканда, ага кирип-чыгуу үчүн Ак-Сайды айланып өтө турган жол беребиз. Экинчи сунушубуз, Ворух анклавын алмашуу. 12,3 миң гектар жерди Лейлек районунун, Баткен облусунун башка жерлеринен берүүгө даярбыз. Бирок азырга чейин тажик тараптан жооп келе элек. Ушул анклавды чечсек андан кийин башка маселелер чечилет”, - деди Камчыбек Ташиев.

Белгилей кетсек, 2021-жылдын 16-18-март күндөрү Тажикстандын Согди облусунун Гүлистан шаарында Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын кезектеги жыйыны болуп өттү.

КР делегациясын – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, ал эми Тажикстан Республикасынын делегациясын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов жетектеди.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо маселеси боюнча кызуу пикир алмашуу жүрдү.

Пикир

Оставить комментарий