• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Тажикстан менен Ооганстанды байланыштырган көпүрө ачылды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 18.02.19. /Кабар/. Душанбе Тажикстан менен Ооганстанды байланыштырган Пянж дарыясындагы көпүрөнү бир жарым айдан кийин ачты. Бул жол аркылуу чек арага жакын жайгашкан ооганстандык айылдардын тургундары азык-түлүк алып өтүшөт.

Тажикстандын Шамсиддин Шохин району менен Ооганстандын Хохон уездин байланыштырып турган көпүрө 2019-жылы 1-январда жабылган. Ага ооган маңзат соодагерлери тарабынан 42 жаштагы тажикстандык чабан Турахон Нурматовдун барымтага алынышы себеп болгон.

Мындан улам Хохон, Куфоб жана Шикай уезддерине азык-түлүк ташыган 20дай фура тажик-ооган чек арасынан өтө албай, кармалып калган. Бул аймактарда 200 миңдей киши жашайт.

Ооганстандын түндүк райондорунда күздөн тарта эле калың кардан улам ашуулар алты айга жабылып калат.

Мындан улам айдоочулар азык-түлүктү Тажикстандын аймагы аркылуу алып өтүшөт.

Ооганстандык ишкер Нурали Саид көпүрө жабылгандан бери өлкөнүн түндүгүндөгү үч уезддин дүкөн жана базар текчелери дээрлик бош калганын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий