• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Тажикстан менен Россия авиакаттамдарды убактылуу токтотту

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 18.03.20./Кабар/. Коронавирустун жайылуу коркунучунан улам 18-марттан тарта Тажикстан менен Россия авиакаттамдарын токтотту. Буга байланыштуу 1-майга чейин эки өлкө арасында билеттер сатылбай турган болду.

«Сомон Эйр» авиакомпаниясы авиабилеттерди сатуу токтогонун тастыктады.

17-мартта Россия өкмөтү 18-марттан 1-майга чейин чет өлкөлүк жарандарды өлкөгө киргизүүгө тыюу саларын жарыялаган.

Буга чейин Өзбекстан Душанбеге каттаган учактарын токтоткон. Чек ара бекеттеринде Өзбекстан өз жарандарын гана кабыл алып жатат. Кетүүнү каалаган башка өлкө жарандарын чыгарууда.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму акыркы бир эле суткада 475 адам коронавирустан көз жумганын маалымдады.

Пикир

Оставить комментарий