• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Тажикстан менен Өзбекстан аба каттамдарын жандантуу боюнча макулдашты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 27.10.20. /Кабар/.Тажикстан менен Өзбекстан Ташкент жана Душанбе шаарларынын ортосундагы аба каттамдарын жандандыруу боюнча макулдашты. Бул тууралуу Өзбекстандын Транспорт министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, алгачкы каттам 28-октябрда Ташкент-Душанбе-Ташкент багыты боюнча аткарылат. Бирок айрым басылмалар өз булактарына таянып, шаарлардын ортосунда учактар 2-ноябрдан тартып уча баштай турганын билдиришүүдө.

Болжолдуу жадыбалга ылайык, каттамдар Ташкенттен Душанбеге ар шаршемби күндөрү, Душанбеден Ташкентке бейшемби күндөрү аткарылып турат.

Эки өлкөнүн борбор шаарларынын ортосундагы аба байланышы 16-мартта коронавирус пандемиясына байланыштуу убактылуу токтотулган.

Пикир

Оставить комментарий