• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Тажикстан менен Өзбекстан антитеррордук машыгууларды өткөрдү

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 21.09.18. /Кабар/. Тажикстан менен Өзбекстандын Коргоо министрликтеринин «Кыйрабас боордоштук» деп аталган биргелешкен антитеррордук машыгуулары Согди облусундагы «Чорухдайрон» полигонунда 18-сентябрда башталган.

Бүгүн ал жерге Өзбекстандын коргоо министри Абдусалом Азизов менен анын тажикстандык кесиптеши Шерали Мирзо барды. Анда алар эки өлкө аскерлеринин «Фергана облусуна кирип келди делген террорчуларды» курчап, жок кылганына күбө болушту.

Машыгууларга Өзбекстандан 100 жоокер жана офицерлер, Тажикстандан 500 аскер кызматкери катышууда. Алар өз аскердик техникалары менен полигонго 17-сентябрда барышкан. Машыгуулардын алгачкы күнүндө анда учкучсуз учуу аппараттары, тик учактар, минометтор жана брондолгон техникалар пайдаланылган.

Бул акыркы эки жыл ичиндеги тажик жана өзбек куралдуу күчтөрүнүн экинчи биргелешкен аскердик машыгуусу. Быйыл 17-августа тараптар Ооганстан аймагындагы террорчулардын Хатлон (Тажикстан) жана Сурхандарыя (Өзбекстан) облустарына ыктымал кирип келүүсүнө каршы туруу боюнча биргелешкен аракеттерди иштеп чыгышкан.

Пикир

Оставить комментарий