• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Тажикстан менен Өзбекстан биргеликте жүк ташуучу унаа чыгарат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 29.08.18. /Кабар/. Тажикстандык “Талко” алюминий компаниясы күзүндө өзбекстандык Krantas менен биргеликте жүк ташуучу унааларды чыгарууга ниеттенүүдө.

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевдин сентябрда Тажикстанга белгиленген сапарында “Талкого” барары күтүлүүдө. Алюминий компаниясынын маалымат катчысы Игорь Саттаровдун билдиришинче, жүк ташуучу унааларды чыгаруучу тажик-өзбек биргелешкен ишкансы компаниянын каралбай калган цехинин базасында курулат. Керектүү жабдуулары орнотуу иштери аягына чыгып калды, адисттер автомашина куроо боюнча окуудан өтүшүүдө.

Жаңы ишкана кандай унааларды чыгарары азырынча айтыла элек. Бирок Krantas компаниясынын сайтында заводдо атайын техниканын 30дан ашуун түрү чыгарылары, буйуртма боюнча КАМАЗ, MAN, ISUZU унааларынын базалык бөлүктөрү өндүрүлөрү айтылган.

Игорь Саттаровдун айтымында, кен казуу тармагында жана коммуналдык кызмат үчүн колдонулуучу унааларды чыгарууга артыкчылык берилет.

Буга чейин “Талкодо” жүк ташуучу унааларды өндүрүү боюнча биргелешкен ишкана курууга 3,5 миллион доллар инвестиция салынары кабарланган.

Пикир

Оставить комментарий