• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Тажикстан менен Өзбекстандын чек арасында жаңы көзөмөл өткөрмө жайы ачылат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 30.12.19. /Кабар/. Тажикстан менен Өзбекстандын чек арасында жаңы көзөмөл өткөрмө жайы ачылат. Бул тууралуу Тажикстандын телеграф агенттиги жазат.

Агенттик жазгандай, бул тууралуу Өзбекстандын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Ильхом Нематов билдирген. Нематов белгилегендей, ал маселе тажик тараптын өтүнүчү менен каралууда.

"Түзүлгөн келишимге ылайык, биз 16 өткөрмө жайды ачтык. Алар күнү-түнү толук кандуу иштеп жатат. Жакында эле он жетинчиси ачылган. Тажик тараптын өтүнүчү менен Өзбекстандын Жизак облусунун "Баландчакир" жергесинде он сегизинчи көзөмөл өткөрмө жайды ачуу маселеси боюнча иш алынып барууда", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий