• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Э. Рахмон президент А. Атамбаевди жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 20-март /Кабар/. Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди жана өлкө элин Нооруз майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу КР Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, куттуктоо телеграммасында Нооруз - өзүнүн гуманисттик жана жаратмандык салттары - боорукердиги жана бакыбаттыгы, жаркын жана шайыр маанай тартуулаганы, адамгерчилиги жана өз ар урмат-сыйы менен дүйнөгө атагы чыгып, жалпы адамзаттын өзгөчө жетишкендиги катары эл аралык таанууга ээ болгон Чыгыштын мыкты майрамдардын бири экени айтылат.

«Биздин өлкөлөр көөнөрбөс идеалдарга таянуу менен мындан ары да өз ара достук жана пайдалуу кызматташтык алака-катыштарын бекемдеп жана өнүктүрө берет деп ишенем», - деп белгиленет куттуктоодо.

Тажикстан Президенти Эмомали Рахмон Президент Алмазбек Атамбаевге жана Кыргызстандын дос элине бакыт, жакшылык, тынчтык жана өсүп-өнүгүү каалады.

Пикир

Оставить комментарий