• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Тажикстан президентинин Ташкентке белгиленген сапары кийинкиге жылдырылды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек. 11.04.19 /Кабар/. Тажикстан президенти Эмомали Рахмондун Борбор Азия өлкө башчыларынын жолугушуусунун алкагында 12-апрелде Ташкентке белгиленген сапары кийинкиге жылдырылды. Бул тууралуу Asia-Plus интернет басылмасы тажик өкмөтүндөгү өз булагына таянуу менен билдирди.

Маалыматтарга караганда, жолугушуу президенттердин макулдашуусу менен кийинкиге жылдырылган. Сапар качан болору белгисиз, ал дипломатиялык каналдар аркылуу такталат.

Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын алгачкы жолугушуусу былтыр март айында Астана шаарында өткөн. Анда өзбек президенти Шавкат Мирзиёев жыл сайын Нооруз майрамынын алдында кездешип турууну сунуштап, баарын 2019-жылы Ташкентке чакырган.

Тажикстан өкмөтүндөгү өз булактын билдиришинче, Борбор Азияда Нооруз өзгөчө шаң менен белгиленгендиктен, президенттердин иш графиги тыгыз болуп калууда, буга байланыштуу алар майрамдан кийин чогулууну чечишкен.

Жолугушууда чөлкөмдөгү мамлекеттер ортосунда бардык багыттар боюнча кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланат.

Пикир

Оставить комментарий