• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Тажикстан, РФ, Кытай, Өзбекстан жана Беларусиянын премьер-министрлери Абылгазиевди Жаңы жылы менен куттукташты

Саясат 0

Бишкек, 31.12.18. /Кабар/. РФ Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев, Беларусиянын премьер-министри Сергей Румас, Тажикстан премьер-министри Кохир Расулзода, Кытай Мамлекеттик кеңешинин Премьери Ли Кэцян жана Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди Жаңы жылы менен куттукташты.

Медведевдин куттуктоодо төмөнкүдөй айтылат:

«Өтүп бара жаткан жылы Россия жана Кыргызстанды байланыштырган достук өнөктөштүк жана биримдик мамилелер ийгиликтүү өнүккөнү белгиленет. Соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуу динамикалуу түрдө өнүгүүдө. Ири инфраструктуралык жана гуманитардык долбоорлорду ишке ашыруу уланып жатат. Евразия экономикалык бирлигинин алкагындагы интеграция тереңдөөдө. Иш жүзүндөгү жалпы өз ара аракеттешүүнүн мындан аркы өсүүсү Россия жана Кыргызстандын кызыкчылыктарына жооп берет деп ишенем. Күн тартибиндеги негизги маселелер боюнча кыргыз өнөктөштөр менен активдүү иштерди улантууга даярбыз».

Беларусиянын премьер-министри Сергей Румас куттуктоодо төмөнкүдөй белгиленет:

«Биргелешкен аракеттер аркылуу өтүп бара жаткан жылы беларус-кыргыз мамилелери көп багыттуу ырааттуулукта өстү. Эки жактуу жемиштүү өз ара алакалар мындан ары да биздин мамлекеттердин гүлдөп өнүгүүсү үчүн активдүү өнүгөрүнө ишенем».

Тажикстан Республикасынын премьер-министри Кохир Расулзоданын куттуктоо тексти:

«Тажикстан Республикасында Кыргыз Республикасы менен жетишилген өз ара кызматташтык деңгээлин жогору баалашат. Биздин өз ара сый жана ишенимге негизделген жемиштүү жана достук байланыштар мындан ары да кеңейет жана өлкөлөрүбүздүн бакубатчылыгы үчүн бекемделе берет деп ишенем», - деп айтылат куттуктоодо.

Ли Кэцяндын куттуктоо тексти:

Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин Премьери Ли Кэцян Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевди Жаңы жылы менен куттуктап, Кыргызстандын элине бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүүнү каалады.

Өзбекстандын Премьер-министри Абдулла Ариповдун куттуктоо тексти:

«Келе жаткан жылы Өзбекстан жана Кыргызстандын ортосундагы достук, өз ара сый жана кызыкчылыктарды эске алууга негизделген стратегиялык өнөктөштүк эки жактуу мамилелери мындан ары өз ара пайдалуу динамикалык өнүгүүгө ээ болоруна ишеним билдирем».

Пикир

Оставить комментарий