• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Тажикстан Рогун ГЭСин бүткөрүү үчүн Дүйнөлүк банктан жардам сурады

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек. 10.04.19 /Кабар/. Тажикстан Рогун ГЭСин куруп бүтүрүүгө чет элдик инвесторлорду тартуу үчүн Дүйнөлүк банктан жардам сурады.

Дүйнөлүк банктын ага экономисти Гоар Гюлуман 1-апрелде Тажикстанга иш сапар менен келген. Ал өлкөдө он күн жүрдү. Тажикстан Улуттук банкынын төрагасынын биринчи орун басары Жамолиддин Нуралиев Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен жолугушуу учуруна Рогун ГЭСинин чөлкөмдөгү мааниси, аймактагы өлкөлөрдү арзан жана сапаттуу электр кубаты менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүгү тууралуу айтып берди. Ал ГЭСти куруп бүтүрүү үчүн чет өлкөлүк инвесторлорду тартууга жардам сурады.

Тажикстан бүгүнкү күнгө чейин Рогун ГЭСин негизинен өз каражаттарынын эсебинен курган. Бул үчүн 2019-жылдын бюджетинен 2 миллиард 100 миллион сомони (222 миллион доллар) бөлүнгөн. Былтыр 4,7 миллиард сомони каражат жумшалган, анын 3,4 миллиарды бюджеттик акча, калганы – Тажикстанга бөлүнгөн евробонддор.

2017-жылы сентябрда Тажикстан мамлекеттик баалуу кагаздарынын алгачкы партиясын ийгиликтүү түрдө АКШнын дүйнөлүк базарында 500 миллион долларга саткан. Бул каражат Рогун ГЭсинин плотинасын курууга жана жабдууларды сатып алууга жумшалган.

​ ​Рогун ГЭСи алты агрегаттан турат. Долбоор толугу менен бүткөн соң жылына 17 миллиард кВт электр энергиясын өндүрөт. Тажик бийлигинин пикиринде, ГЭС бир эле Тажикстанды эмес, Ооганстан жана Пакистанды дагы электр кубаты менен камсыздоого кудуреттүү.

Дүйнөлүк банктын Тажикстандагы туруктуу өкүлү Янь Питер Олтерс “Азаттыктын” тажик кызматы жөнөткөн катка жооп берип, банк Рогун ГЭСинин курулушун колдой турганын билдирген. Бирок Тажикстан бул долбоорду экономикалык реформалардын жалпы программасына интеграциялашы керек экенин белгилеген.

Пикир

Оставить комментарий