• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Тажикстан Россиядан мигранттар үчүн кезектеги мунапыска үмүт артууда

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек. 09.04.19 /Кабар/. Тажикстандын эмгек, миграция жана калкты иш менен камсыз кылуу министри Сумангүл Тагойзода тажик мигранттарына мунапыс берүү үчүн Россияга кайрылуу жолдонгонун билдирди. Аткаминер эгер Москва уруксат берсе, жүз миңдеген мигранттар Россияга кайрадан иштөө үчүн барарын айтты.

Тажик министри БУУнун мигранттардын укугун коргоо комитетинин жыйынында Россиянын "кара тизмесине" илинген тажик мигранттарынын саны 201 миң 147 кишини түзгөнүн маалымдады.

Россия жыл сайын өлкөдө жүрүү эрежелерин бузду деген айып менен миңдеген тажик мигранттарын депортациялайт. Алардын көбү беш жыл РФ кирүү укугунан ажыратылат.

Сумангүл Тагойзода тажик өкмөтү Россияда миграциялык мыйзамдарды бузуу менен иштеп жүргөн же бул өлкөгө кирүү укугунан ажыратылган мигранттар үчүн мунапыс берүү боюнча бардык чараларды көргөнүн белгиледи:

“2017-жылы жарыяланган мунапыстан кийин 120 миңдей тажик мигранты жумуш иштөө үчүн кайрадан РФ кирүүгө мүмкүнчүлүк алган. 100 миңден ашуу киши Россиядагы ишмердүүүгүн мыйзамдаштырган”.

Эмгек министри акыркы жолу бардык мигранттарга мунапыс тууралуу кабар берүүгө мүмкүнчүлүк болбой калганын белгиледи.

Тажик мигранттары тажик бийлигин Россияда иштеп жүргөн жарандарырын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргобойт деп күнөөлөп келет.

Пикир

Оставить комментарий