• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Тажикстан Россиядан мигранттар үчүн мунапыс күтөт – президент Рахмон

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек. 17.04.19 /Кабар/. Тажикстан президенти Эмомали Рахмон Россияда иштеген тажик мигранттары үчүн мунапыс жарыяланат деп үмүттөнүп жатканын билдирди. Бул тууралуу Москвада Рахмон менен Мамдуманын төрагасы Вячеслав Володиндин жолугушуусу учурунда белгилүү болду.

Тажикстан башчысы көңүл бурууну талап кылган маселелер бар экенин, каттоого алуу, жумуш үчүн патент берүү жол-жоболорун жеңилдетүү, мигранттардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн укуктук макамдарын аныктоо зарылдыгын белгиледи.

Тажик президенти Душанбе Россиядан эмгек мигранттары үчүн кезектеги мунапысты күтүп жатканын кошумчалады.

2017-жылы жарыяланган мунапыстан кийин 120 миңдей тажик мигранты жумуш иштөө үчүн кайрадан РФ кирүүгө мүмкүнчүлүк алган. 100 миңден ашуу киши Орусиядагы ишмердүүлүгүн мыйзамдаштырган.

Эмгек министри Сумангүл Тагойзода акыркы жолу бардык мигранттарга мунапыс тууралуу кабар берүүгө мүмкүнчүлүк болбой калганын белгилеген.

Рахмон Россияга расмий сапар менен 16-апрелде келген. Бүгүн ал Орусия президенти Владимир Путин менен жолугушат.

Анын жүрүшүндө эки тараптуу документтерге, анын ичинде Тажикстандан РФ мигранттарды жөнөтүү келишимине кол коюлат.

Расмий маалыматтар боюнча Россияда тажикстандык бир миллиондон ашык мигрант иштейт.

Пикир

Оставить комментарий