• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Тажикстан: Россиядан жарандарды алып келүү үчүн чартердик каттамдарды аткаруу уланат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 06.10.20 /Кабар/. Ырааттуу аба байланышы жанданганга чейин чартердик каттамдар жүзөгө ашырыла берет. Бул тууралуу 5-октябрда Тажикстандын Россиядагы элчиси Имомуддин Саттори билдирди.

Дипломаттын айтымында, ушул тапта күн сайын беш жолу чартердик каттам ишке ашууда.

Тажикстан Россияга авиабайланышты жанданырууга даяр экенин 22-июлда эле билдирген.

Тажикстан менен Россиянын ортосундагы аба каттамдары мартта коронавирус коркунучунан улам токтотулган. Соңку учурда Россиядагы тажикстандыктар мекенине чартердик каттамдар менен гана келишүүдө.

Россия 21-сентябрда Беларус, Казакстан жана Кыргызстан менен аба байланышын жандандырган.

Тажикстандын Россиядагы элчилигинин маалыматы боюнча күн сайын чартердик каттамдар менен 900дөн ашуун тажикстандык үйүнө кайтууда. Пандемия башталгандан бери Россиядан жалпысынан 50 миңден ашуун жаран мекенине жеткирилди.

Пикир

Оставить комментарий