• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Тажикстан сөз эркиндигинин рейтингинде бир сапка төмөндөдү

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 21.04.21. /Кабар/. Тажикстан «Чек арасыз кабарчылар» уюмунун (RSF) басма сөз эркиндиги боюнча рейтингинде өткөн жылга салыштырмалуу быйыл бир сапка төмөндөдү. Бул тууралуу уюмдун 20-апрелде жарыяланган баяндамасында айтылат.

Анда Тажикстандын бийлиги журналисттердин маалымат булактарына жетүүсүнө чектөө киргизүү үчүн коронавирус пандемиясын шылтоо катары колдонгону белгиленген.

«Бул өлкөдө жугуштуу оорулар тууралуу ЖМКлардагы «жалган» же «такталбаган» маалыматтар үчүн эки минималдык айлык акы өлчөмүндө айып пул төлөтүп же 15 суткага камакка алышы мүмкүн. Бийликтин максаты журналисттерди расмий булактардан алынбаган COVID-19 тууралуу маалыматтардын баары боюнча өзүн чектөөгө мажбурлоо болушу ыктымал», — деп жазылган баяндамада.

Уюмдун Чыгыш Европа жана Борбор Азия өлкөлөрү боюнча бюросунун башчысы Жанна Кавелье (Jeanne Cavelier) тажик бийлиги коронавирус тууралуу жалган маалыматтарга каршы күрөшүүнү шылтоо кылып көз карандысыз ЖМКларга басымды күчөткөнүн билдирди. Ал ошондой эле «Чек арасыз кабарчылар» камакка алынган журналист Хикматулло Сайфуллозоданын саламаттыгына тынчсызданып жатканын кошумчалады.

Тажикстандын бийлиги Сайфуллозода журналисттик ишмердүүлүгү үчүн эмес, генерал Абдухалим Назарзоданын 2015-жылкы козголоңуна тиешеси бар үчүн камалганын билдирген. Журналисттин жакындары бул айыптоолорду четке кагып келишет.

Пикир

Оставить комментарий