• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Тажикстан: терроризм үчүн соттолгондор түрмөдө козголоң уюштуруп, 32 киши каза болду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек. 20.05.19 /Кабар/. Тажикстандын Вахдат шаарында "Ислам мамлекетинин" мүчөсү болгондугу үчүн соттолгон адамдар түрмөдө козголоң уюштуруп, 32 киши каза болду, – деп кабарлады meduza.io.

ТАСС агенттигинин маалыматы боюнча, 19-май күнү терроризм үчүн соттолгон 30 кылмышкер колониянын үч кызматкерин барымтага алып, түрмөдөн качууга аракет кылышкан.

Кылмышкерлер бычак жана башка куралдарды колдонушкан, - деп кабарлады Тажикстандын Юстиция министрлиги.

Сүйлөшүүлөр эч кандай натыйжа алып келбегендиктен, абактын жетекчилиги ок чыгарган. Анын натыйжасында 29 соттолуучу каза болду.

Абактын үч кызматкери дагы каза болгон.

Пикир

Оставить комментарий