• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Тажикстан трактор чыгарууну токтотту

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 19-июнь /Кабар/. “ТожИрон” тажик-иран биргелешкен ишканасы трактор чыгарууну токтотту. Бул маалыматты өлкөнүн Өндүрүш жана технологиялар министрлиги тастыктады.

Тажик-иран биргелешкен ишканасы 2006-жылы Дүйшөмбүдөгү “Хумо” жана Тебриздеги трактор заводдорунун базасында ачылган. Макулдашууга ылайык, акциялардын 51% иран тарапка таандык болгон. “Тожирон” жылына 2 миң трактор чогултуп турган.

Маалыматка караганда, иран тарап бир жылдан бери ишкананы тетик менен камсыздабай калган. “Биз базардагы күчтүү атаандаштыкка байланыштуу трактор чыгарууну токтоттук. Тажикстанга Минсктен баасы 8 миң долларлык “Беларус” таркторлору келет. Биз болсо бир тракторду чогултуу үчүн эле 10 миң доллар жумшайбыз”,-деди “Тожирондун” башкы директору Самад Дагипур.

Тажикстанга жыл сайын “Беларус” маркасындагы 250дөй трактор келет.

Булагы CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий