• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Тажикстан тургундары интернеттин кымбатташына каршы болууда

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек. 13.03.19 /Кабар/. Тажикстанда «Фейсбук» социалдык түйүнүнүн колдонуучулары интернеттин баасын жогоратууга каршы акция өткөрүүдө. Алар «Мен интернеттин кымбатташына каршымын» деген флешмобдун алкагында #мен_каршымын хештеги менен билдирүүлөрдү жазып жатышат.

Айдын башында Тажикстандын Монополияга каршы кызматы өлкөдө интернеттин баасын 60 пайызга жогорулатууну чечкен. Ага ылайык, бир мегабайт трафик 5 дирамдан кем эмес, ал эми бир гигабайт 50 сомони (6 доллар) болушу керек. Учурда 1 гигабайт интернеттин баасы орточо 30-35 сомонини түзөт. Монополияга каршы кызматтын тарифтерди жогорулатуу чечими 27-мартта күчүнө кирет.

Соцтүйүн колдонуучулары бийлик алардын үнүн угуп, бул чечимди кайра карап чыгат деп үмүттөнүшүүдө. Алар интернеттеги флешмоб менен катар президент Эмомали Рахмондун атына жазылган кайрылууга кол топтоп жатышат. Учурда Change.org сайтындагы кайрылуунун алдына 150 киши кол койгону, бирок акыркы сааттарда сайтка кирүү мүмкүн болбой жатканы айтылууда.

Орточо эсеп менен Тажикстанда калктын 15тен 40 пайызга чейинки бөлүгү интернет пайдаланат. Расмий маалыматтар боюнча ар бир 100 адамга 30 интернет колдонуучу туура келет. Тажикстандын Байланыш кызматы өлкөдө 3 миллионго жакын интернет колдонуучу бар экенин билдирген.

Монополияга каршы кызматтын өкүлү мекеменин «Фейсбуктагы» флешмоб тууралуу маалыматы бар экенин билдирди. Анын айтымында, жакынкы күндөрү мекеменин жетекчилери менен интернет-провайдер өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп, тарифтер боюнча акыркы чечим кабыл алынат.

Пикир

Оставить комментарий