• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Тажикстан: туристтерге кол салуу боюнча негизги айыпталуучу өмүр бою эркинен ажыратылды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 21.11.18. /Кабар/. Душанбе-Дангара унаа жолундагы чет өлкөлүк велотуристтерге кол салуу иши боюнча негизги айыпталуучу Хусейн Абдусамадов өмүр бою эркинен ажыратылды. Өкүм бүгүн шаршемби күнү чыгарылды.

Туристтерге кол салган топтун башчысы деп айтылып жаткан Хусейн Абдусамадов бардык айыптоолор боюнча күнөөлүү деп табылды. Алар: мыкаачылык менен адам өлтүрүү, терроризм, экстремизм, кылмыштуу топ түзүү, атайылап мүлккө зыян келтирүү жана жарандарды чет өлкөлөрдөгү согуштук аракеттерге азгыруу.

Бул кылмышка көмөктөшкөн жана экстремисттик уюмдарга мүчө болгон деп айыпталган Кароматулло Ганиев менен Бехруз Сафоев 16 жылга соттолушту.

Мындан тышкары кылмыш тууралуу маалымат берген эмес деген айып тагылган 12 адам бир жылдан бир жарым жылга чейинки мөөнөттөргө эрктеринен ажыратылышты. Айыпталуучулардын арасындагы жалгыз аялдын кичинекей баласы бар болгондуктан, анын жаза мөөнөтү кийинкиге жылдырылды.

19-ноябрда мамлекеттик айыптоочу Жогорку соттон Хусейн Абдусамадову өмүр бою, Кароматулло Ганиев менен Бехруз Сафоевди 18 жылга эркинен ажыратууну сураган.

Быйыл 29-июлда Дангара-Душанбе кан жолунда кылмышкерлер велосипедчен чет өлкөлүк туристтердин тобун автоунаа менен сүздүрүшкөн. Анда Голландия менен Швейцариянын бирден жана АКШнын эки жараны мерт болуп, дагы үч чет өлкөлүк жаракат алган.

Туристтерге кол салган беш адамдын ичинен жалгыз Хусейн Абдусамадов гана тирүү калган. Калгандары колго түшүрүү операциясы маалында өлтүрүлгөн. Бул теракт үчүн «Ислам мамлекети» террордук тобу жоопкерчилик алган. Өз кегезинде тажик бийлиги бул ишке өлкөдө тыюу салынган Ислам кайра жаралуу партиясы менен Иранды айыптоодо.

Пикир

Оставить комментарий