• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Тажикстан: туулган күнүн өткөргөн ырчы $500 айыппул төлөйт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 05.02.19. /Кабар/. Душанбе соту туулган күнүндө кесиптештерин чакырып кече уюштурган белгилүү тажик ырчысы Фируза Хафизованы 5 миң сомони (500 доллардан ашык) айыппулга жыкты. Бул тууралуу өлкөнүн мамлекеттик телеканалы билдирди.

Ырчынын кечесинде тартылган видео Интернетке чыгып, андан кийин мамлекеттик телеканалдардан көрсөтүлдү.

Тажикстандын «Салттарды жана майрамдарды иреттештирүү жөнүндөгү» мыйзамына ылайык, жарандар туулган күнүн досторун, ырчы-чоорчуларды чакырбастан, үй-бүлө мүчөлөрү менен гана белгилей алышат. Ошондой эле туулган күндө мал союуга дагы тыюу салынат.

Аталган мыйзам 2007-жылы кабыл алынып, туулган күн, корпоративдик кечелерди, мектептеги майрамдарды, үйлөнүү тойлорду, тажияларды өткөрүүдө бир топ чектөөлөр киргизилген. Алсак, ресторандагы үйлөнүү тойго 150дөн ашпаган мейман чакырылып, кеченин өзү 3 сааттан узак болбошу керек.

Мыйзамда «Өзгөчө шаан-шөкөт» менен майрам уюштуруу үчүн 3 миң доллар өлчөмүндө айыппул каралган. Бул эрежени экинчи жолу бузгандар 3,4 миң доллар айыппул төлөшү керек болот. Аткаминерлер болсо кызматынан алынат.

Тажик өкмөтү мындай жогорку айыппулдар мыйзам бузгандардын санын азайтат деп эсептөөдө. Өлкөдө бюджеттик мекемелерде иштеген кызматкерлердин орточо айлыгы 150 долларды түзөт.

Пикир

Оставить комментарий