• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Тажикстандын Уламалар кеңеши: Аскерден качуу күнөө

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек. 18.04.19 /Кабар/. Тажикстандын Уламалар кеңеши аскерден качуу күнөө экени тууралуу фатва чыгарды. Кайрылууда мекенге кызмат өтөөдөн качууга жардам берген ата-энелер дагы күнөөгө батары айтылат.

Тажик дин кызматкерлери аскерде кызмат өтөө – дени сак ар бир мусулмандын парзы деп эсептешет. Уламалар кеңеши чыгарган фатвада мекенге болгон сүйүү, элине жана маданиятына берилүү, өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн сактоо – чыныгы ишенимдин көрсөткүчү, нагыз мусулман үчүн аскерден качуу күнөө деп айтылат.

Уламалар кеңеши өлкөдө аскерге чакыруу кампаниясы башталган маалда калкка кайрылуу жасады. Ислам борборунун фатва башкармалыгынын башчысы Жамолиддин Хомуши оорукчан көрүнүп, аскерден качууга аракет жасоо оор күнөө экенин, диний көз караш менен алганда мекенин сатууга барабар болорун билдирди.

Акыркы төрт жылдан бери өлкөдө аскерге чакыруу планы мөөнөтүнөн мурда аткарылып келет.

Пикир

Оставить комментарий