• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Тажикстан WiFi түйүндөрдү көзөмөлгө ала баштады

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 18.04.18. /Кабар/. Тажикстандын байланыш кызматы соода борборлору, базар, ресторан жана башка коомдук жайлардагы зымсыз интернет тараткан WiFi роутерлердин сатылышын жана алардын колдонулушун текшере баштады.

Соода борборлор менен ресторандардын ээлеринин айтымдарында, Байланыш кызматынын өкүлдөрү ишканаларда WiFi-роутерлерди сатуу же орнотуу үчүн мекемеден уруксат алууну талап кылышууда.

Байланыш кызматынын жетекчиси Бег Сабурдун чечими менен мындай текшерүүлөр 11-апрелден тарта бардык соода борборлордо, базарларда, май куюу жайларында, ресторандарда жана коомдук тамактануу жайларында жүргүзүлүүдө.

Байланыш кызматынан WiFi түйүндөрүн текшерүү чечими «Байланыш жөнүндөгү» мыйзамдын негизинде кабыл алынганын жана бул зымсыз байланыштын колдонулушун тартипке салуу максатын көздөй турганын билдиришти. Жумушчу топтун өкүлдөрү WiFi-роутерлердин номурларын жазып алышып, аны «коопсуздукту камсыздоо чаралары» менен түшүндүрүшүүдө.

Тажикстан уюлдук операторлорунун бирикмесинин төрагасы ​Гафуржон Иркаевдин айтымында, Байланыш кызматынын мындай текшерүүлөрдү өткөрүүгө мыйзамдуу укугу бар. Бирок ал бул кадам көбүнчө экономикалык себептерге негизделген деп эсептейт. Иркаев WiFi түйүндөрүн пайдалануу үчүн атайын уруксат алуу тартибин киргизүү — байланыш кызматтарын көрсөтүүдөгү баага таасир этээрин, анткени ишкер атайын уруксатты алуу менен Байланыш кызматынын бюджетине белгиленген суммада акча төлөй турганын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий