• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Тажикстан Өзбекстандан 200 миллион куб метр газ сатып алат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 30.01.20. /Кабар/. Быйыл Тажикстан Өзбекстандан 200 миллион куб метр жаратылыш газын сатып алууну пландоодо. Бул тууралуу 28-январда «Тажиктрансгаз» ачык акционердик коомунун башкы директору Шавкат Шоимзода билдирди.

Шоимзоданын айтымында, учурда Өзбекстан менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

«2019-жылы Тажикстан Өзбекстандан 17,7 миллион долларга 140 миллион куб метр жаратылыш газын сатып алган. Бул 2018-жылга салыштырмалуу 2,6 эсеге көп», – деди Шавкат Шоимзода.

Эгер бул жолу сүйлөшүүлөр оң жагына чечилсе, Душанбе былтыркыдан 42% көбүрөөк жаратылыш газын сатып алууга ниеттенүүдө.

Өзбек газын Тажикстана жеткирүү 2018-жылы жазында – алты жылдык тыныгуудан кийин жанданган.

Тажикстан жаратылыш газын өлкөнүн өндүрүш ишканалары үчүн колдонот.

Пикир

Оставить комментарий