• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Тажикстан Өзбекстанга электр энергиясын сата баштады

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 04.04.18 /Кабар/. 9 жылдык тыныгуудан кийин Тажикстан кайрадан Өзбекстанга электр энергиясын сата баштады. Расмий маалыматтар боюнча, тажик тарап жай мезгилинде аймактагы өлкөлөргө 5 миллиард киловатт/саат электр кубатын экспорттой алат.

Тажикстандын «Барки точик» энергохолдингинин төрага орун басары Махмадумар Асозоданын айтымында, 3-апрелде өзбек тарап тиешелүү линиялардагы иштерди аяктагандан кийин, коңшу өлкөнүн бардык подстанцияларына электр энергиясын берүү калыбына келтирилди. Ал Тажикстан Өзбекстандын аймагы аркылуу өткөн Борбор Азия электр шакекчесине киргендиктен, өлкө ичиндеги жогорку чыңалуудагы бир катар электр линияларында дагы оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөнүн белгиледи. Эми Тажикстан жыл сайын жай мезгилинде Өзбекстанга 1,5 миллиард киловатт/саат электр энергиясын экспорттоп турат. Анын 1 киловаттынын баасы 2 центти түзөт.

Буга чейин «Өзбекэнерго» компаниясы Тажикстандын Энергетика жана суу чарба министрлиги менен 2018-жылдын жай мезгилинде 1,5 миллиард киловатт/саат электр энергиясын жеткирүү боюнча макулдашууга кол коюлганын кабарлаган. Мекемеден 2018-2019-жылдын кыш мезгилинде Тажикстандан электр кубатын алуу боюнча кошумча сүйлөшүүлөр болорун белгилешкен.

Өзбекстанга электр энергиясын сатуунун калыбына келиши менен «Барки точик» компаниясы өз продукциясын Казакстанга дагы экспорттой алат. Энергохолдингдин маалыматы боюнча Тажикстан жай мезгилинде аймактагы өлкөлөргө 5 миллиард киловатт/саат электр жеткире алат.

Пикир

Оставить комментарий