• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Тажикстан жана Афганистанда жашаган этникалык кыргыздарга гумжардам жөнөтүлдү

Коом 0

Бишкек, 22.06.20. /Кабар/. Кыргызстандын өкмөтү, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан кечээ, 21-июнда Тажикстан жана Афганистанда жашаган этникалык кыргыздарга гумжардам жөнөтүлдү. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Ага ылайык, Тажикстандын Тоолуу-Бадахшан облусунун Мургаб районуна 100 тонна биринчи сорттогу буудай, 2 миң даана жууркан, 250 куту тазалык каражаттары, Лахш (Жергетал) районуна 100 тонна биринчи сорттогу буудай уну, 2 миң даана жууркан 300 куту тазалык каражаттары жөнөтүлдү.

Афганистандын Кичи-Памиринде жашап жаткан этникалык кыргыздарга 12,5 тонна биринчи сорттогу буудай уну, 500 даана жууркан, 100 куту тазалык каражаттары, 5 тонна жергиликтүү күрүч, 1250 литр өсүмдүк майы, 10 куту дары-дармектер. Чоң-Памирликтерге да ушундай гумжардам жиберилди.

Гуманитардык жардам көрсөтүү максатында министр Замирбек Аскаровдун тапшырмасынын негизинде ӨКМ тарабынан 9 бирдик жүк ташуучу автоунаасы даярдалган.

Пикир

Оставить комментарий