• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Тажикстан жараны уурдалган унааны сатып алганы үчүн айыппул төлөдү

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 20.12.18. /Кабар/. Душанбенин тургуну Абдурасул Курбонов бир нече жыл чогулткан акчасына кымбат баалуу Volkswagen унаасын сатып алган. Бирок кийин ал унаанын Орусияда уурдалып, Тажикстанга алынып келингени белгилүү болгон.

Курбоновдун айтымында, унааны ал таанышы аркылуу автоунаа бизнеси менен алектенген ишкерлердин биринен сатып алган.

«Ал унааларды Дубайдан алып келерин айткан. Беш жыл мурда бул үлгүдөгү унаа 30 миң доллар болчу. Аны менен Украинанын чек арасынан өтүп жатканда кармалдым. Унаа уурдалганын айтышып, аны камакка алышты. Мен болсо айыппул төлөгөндөн кийин бошотулдум», — деди ал.

Бир канча күн мурда Литванын укук коргоо органдары Германияда уурдалган кымбат баалуу унааларды Тажикстанга ташуу менен алектенген трансулуттук топ колго түшкөнүн кабарлаган. Анда Литванын сегиз жараны бар экени айтылган. Андан мурда Германияда ушундай эле кылмыш үчүн дагы эки киши кармалып соттолгон.

Полициянын маалыматы боюнча аталган топ тарабынан былтыр жана быйыл чыккан BMW, Mercedes үлгүсүндөгү 15тен ашык унаа уурдалган. Алар Тажикстанга алынып бараткан.

Азырынча Тажикстандын укук коргоо органдары бул окуя боюнча комментарий бере элек.

Пикир

Оставить комментарий