• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Тажикстан жашоочулары кайрадан фамилияларын орусчалаштырууда

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 05.07.18. /Кабар/. Тажикстандын миңдеген жашоочусу аты-жөнүн жазууда кайрадан «-вич» жана «-ов(-ев) суффикстерин колдонууга өтүштү. Бул тууралуу тажик өкмөтүнүн алдындагы Тил жана терминологиялар боюнча комитеттин жооптуу кызматкери Абдурахим Зулфониён билдирди.

«Биздин комитеттин адистери бир нече райондо изилдөөлөрдү жүргүзүштү. Анда Орусияда иштеп келгендердин көбү ал жакта -и, -зод, -зода, -он, -ён, -йен, -ёр, -ниё, -фар деп бүткөн фамилиялар менен маселелер жаралып жатканын айтып, мурдагы «орусча» фамилияларына кайтышканы белгилүү болду», - деди ал.

Душанбедеги ЗАГС жетекчиси Сайёхат Достизода борбор шаарда дагы ушундай тенденция бар экенин билдирди. Анын айтымында, акыркы кездери тажик фамилияларын «-вич» жана «-ов (-ев) деп өзгөртүп берүү өтүнүчү менен кайрылгандар көп болууда. Бирок ал фамилияларды «орусчалаштыруу» эмгек мигранттарынын Орусиядагы жашоосун жеңилдетпейт деп эсептейт.

«Менин билишимче, фамилиялары -и, -зод, -зода, -он, -ён деген суффикстер менен аяктаган Тажикстандын жүздөгөн жараны орус жарандыгын алышкан»,- деди Сайёхат Достизода.

Талдоочулар болсо Орусия полициясы жана жумуш берүүчүлөр тажик ысымдары менен фамилияларын айырмалай албай жаткандыктарына даттанып келгендиктен, бул мигранттарга жардам берет деп эсептешет.

Пикир

Оставить комментарий