• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Тажикстанда 14 соттолуучу нанга ууланып өлдү

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 08.07.19. /Кабар/. Согди облусунун түзөтүү мекемесинде 14 соттолуучу ууланып, ажал тапты. Окуя 7-июлда 128 кишини Душанбе, Нурек жана Яван колонияларына которуу учурунда болгон.

Тажикстан Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгы билдиргендей, соттолуучулар нан жегенден кийин өздөрүн жаман сезе башташкан. Варзоб районунун Майхур аймагында соттолуучулардын бири жанындагы 16 кишиге үч бөлкө таратып берген.

Жарым сааттан кийин 16 соттолуучунун жүрөгү айланып, кусуп баштаган. Душанбеге келгенде алар эс-учун жоготкон. Дарыгерлер экөөнүн гана өмүрүн сактап кала алышкан.

Тажикстандын Башкы прокуратурасы уулануу фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, териштирүү башталганын билдирди. Алдын ала маалыматтар боюнча ысыкта нан туура сакталбай, көгөрүп кеткен.

Былтыр күз айынан бери Тажикстандын пенитенциардык мекемелеринде эки жолу тополоң болуп, көп сандагы соттолуучулар өлгөн.

Пикир

Оставить комментарий