• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Тажикстанда 15-июндан тартып базарлар ачылат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 08.06.20. /Кабар/.Тажикстанда коронавирустун жайылышына каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб 15-июндан тартып базарларды, кийим дүкөндөрдүн, мейманканаларды жана сулуулук салондорун ачуу жөнүндө чечим кабыл алды. Тажик бийлиги өлкөдө эпидемиологиялык абал акырындык менен турукташып жатканын билдирүүдө.

Ал арада Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) Тажикстандагы өкүлү өлкө пандемиянын туу чокусунан али өтө элек деп эсептейт. COVID-19 вирусунун экинчи толкуну башталышы толук мүмкүн.

Республикалык штаб коомдук жайларда милдеттүү түрдө беткап тагынуу керек деген талап койду. Тартип бузгандарга айып пул салынары эскертилүүдө.

Тажикстанда 7-июнга карата вирус жуктургандардын саны 4529 кишини түздү. Алардын ичинен 2673 адам айыкты, 48и каза болду.

Пикир

Оставить комментарий