• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Тажикстанда 20 семиз милиция кызматкери жумуштан кетти

Дүйнө 0

Бишкек, 22-июль /Кабар/. Тажикстандын Ички иштер министрлиги ашыкча салмагы үчүн 20 милиция кызматкерин жумуштан кетирди. Бирок, алар нормага ылайык келген салмакка түшсө кайра ордуларына келе алат деп жазат “Авеста” агенттиги.

Журналисттер менен болгон жолугушууда ИИМ башчысы Рамазон Рахимзода милициянын катарында кызмат кылгандар үчүн өзүнүн критерийлери, талаптары жана нормалары бар деди.

“Биз өздүк курамдын талап кылынган стандарттарга жооп берээрин текшердик. Ашыкча салмак үчүн 20 милиционер жумуштан кетти. Алардын 6-7 кызматкери спорттун жардамы менен салмактарын нормага келтирип, кайра кызматтарына кайтып келишти”,-дейт Рахимзода.

Ошондой эле, ИИМ башчысы министрликтин 3 кызматкери Россиянын жараны болгону үчүн жумуштан кеткенин кошумчалады. “Биздин 20 га чукул кызматкерибиз Россия жарандыгынан баш тарткандыгы үчү ордуларында калтырылды”,-деп билдирди Тажикстандын ИИМ башчысы.

Эскерте кетсек, 2016-жылдын декабрь айында Тажикстандын милиция кызматкерлерине атайын норма киргизилген. Анда 168-170 см бойлуу кызматкерлердин салмагы 75 кг дан ашпашы керек. Ашыкча салмактагы милиция кызматкерлери кызматтан кете турганы буга чейин эскертилген болчу.

Пикир

Оставить комментарий