• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Тажикстанда 2018-жылы алгачкы ислам банкы түзүлөт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 12.03.18 /Кабар/. Тажикстандын Улуттук банкынын орун басары 2018-жылы өлкөдө алгачкы ислам банкы түзүлөрүн билдирди.

Fars агенттигинин маалыматына ылайык, Тажикстандын Улуттук банкынын орун басары Сироджиддин Икром Эл аралык Ислам соода-каржы корпорациясынын башкы директору Назем Нармели менен жолугушуп, үстүбүздөгү жылы өлкөдө биринчи ислам банкы түзүлөрүн билдирип өттү.
Назем Нармели аты аталган компания Улуттук банктар менен кызматташууда жеке секторду өнүктүрүү, өзгөчө чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө көнүл бөлөрүн билдирди.
Ал эми Сироджиддина Икром азыркы учурда Тажикстан Республикасынын Улуттук банкы ислам банк системасын ишке киргизүү, айрыкча ислам жолу менен насыя берүүчү мекемелердин ишин тездетүү үчүн укуктук документтер менен камсыз кылуу боюнча иш алып барып жатканын билдирди.
Ошондой эле ал 2018-жылы Тажикстанда алгачкы ислам банкынын түзүлүшү күтүлүп жатканын баса белгиледи.
Эки тараптуу жолугушууда Тажикстандын рыногунда Эл аралык Ислам соода-каржы корпорациясынын ишин өнүктүрүүгө байланыштуу маселелер талкууга алынды.

Булагы: CA-IR NEWS

Пикир

Оставить комментарий