• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Тажикстанда 20дан ашуун түгөй "бала соодалоого" айыпталууда

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 23.08.18. /Кабар/. Тажикстан Башкы прокуратурасы 2018-жылдын биринчи жарым жылдыгында киши соодалоого айыпталган 30 кишиге карата кылмыш ишин козгоду. Алардын 20дан ашууну бала сатуу жана сатып алууга күнөөлөнүүдө.

Ушул эле мөөнөт аралыгында Саламаттык сактоо министрлигинин социалдык мекемелерине ата-энеси баш тарткан 51 наристе келип түшкөн.

Укук коргоочулар бала асырап алуудагы оор жана узак жол-жоболор туяксыз түгөйлөрдү мыйзам бузууга түртөт деп эсептешет.

Баласы жок жубайлардын көбү юридикалык процедуралардан качып, адатта туугандарынын жана тааныштарынын балдарын асырап алышат. Бирок убакыттын өтүшү менен мындай учурлар соттошуу менен аяктайт.

“Фемида” балдар укугун коргоо уюмунун жетекчиси Саноат Солиеванын пикиринде, бала асыроонун жол-жобосу жеңилдесе, юридикалык тил менен айтылган “бала соодалоо” учурлары азаят.

Пикир

Оставить комментарий