• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Тажикстанда 30 зыяратчынын умра сапары үзгүлтүккө учурады

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 29.11.19. /Кабар/. Душанбе эл аралык аэропортунда кичи ажылык үчүн Меккеге бараткан 30 жаран каттамдан алынды.

Дин, улуттук салттарды жана ырымдарды жөнгө салуу комитетинин басма сөз катчысы Афшин Мукимдин айтымында, коштоочулардын кижи ажылыкты уюштуруу боюнча уруксат кагаздары жок болгон, мамлекетке да салык төлөшкөн эмес.

«Булар мурда да кишилерди кичи ажылыкка алып барып жүрүшкөн жана аларды кайрымдуулук үчүн уюштурулган жайларга жайгаштырып келишкен», – деди ал.

Тажик бийлиги Меккеге барбай калган зыяратчыларды атайын уруксат кагазы бар башка компаниялар аркылуу жөнөтүүгө убада берүүдө. Тажикстанда «Ормон» жана «Расул» аттуу эки гана компаниянын лицензиясы бар. Калгандарынын кичи ажылыкты уюштуруу боюнча уруксат алуу аракеттери текке кетүүдө.

Мурда кичи ажылыкка барып келгендердин айтымында, жеке коштоочулардын умра акысы 17 миң сомони (1700 доллар) турса, расмий компаниялар зыяратчылардан 20 миң сомони алат.

Умра сапарын мусулмандар кичи ажылык деп атап, каалаган учурда Сауд Арабиясынын Мекке жана Медина шаарларына барып, зыярат жасап келишет. Бир гана ажылык амалдары аткарылып жаткан күндөрү баруу мүмкүн эмес.

Кыргызстанда мусулмандар умрага негизинен туристтик фирмалар аркылуу барышат.

Пикир

Оставить комментарий