• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Тажикстанда 7 ай ичинде дээрлик 1 млн тонна көмүр казылып алынган

Таза Коом 0

Бишкек, 23.08.19. /Кабар/. Тажикстанда 7 ай ичинде дээрлик 1 млн тонна көмүр казылып алынган. Бул тууралуу Тажик телеграф агенттиги жазат.

"Бул көрсөткүч 2018-жылдын ушул эле мезгилине караганда 144 миң тоннага же 15%га көп", - деп айтылат Тажикстандын Өнөр-жай жана жаңы технологиялар министрлигинин маалыматында.

Ошол эле учурда көмүрдүн чет өлкөлөргө экспорту 60%га азайган. Жыл башынан тарта 8,8 миң тонна көмүр экспорттолгон.

Белгилей кетсек, былтыр Тажикстанда 1,9 млн тоннадан ашык көмүр казылып алынган.

Пикир

Оставить комментарий