• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Тажикстанда адам өмүрүн алган жол кырсыгынан кийин чек ара офицери кармалды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 03.12.18 /Кабар/. Тажикстандын Хорог шаарында эки кишинин, анын ичинде кош бойлуу аялдын өмүрүн алган жол кырсыгына байланыштуу чек ара офицери кармалды.

Авария 1-декабрда Памир ГЭСинен алыс эмес жерде болгон. Жол кырсыгынан дагы эки киши олуттуу жаракат алганын centralasian.org жазып чыкты.

“Азаттыктын” тажик кызматы укук коргоо органдарындагы өз булактарына таянып билдиргендей, чек ара офицери Toyota RAV4 маркасындагы автонуаасы менен маршртуканы сүзүп кеткен. Бул факт боюнча териштирүү иштери башталды.

Маалыматтарга караганда, авария учурунда маршрутканын ичиндеги жүргүнчүлөрдүн бири салондон ыргып, каналга барып түшкөн. Учурда кош бойлуу аялдын сөөгү изделүүдө. Жаракат алган эки киши ооруканада.

Бул арада "ФерганаNews" агенттиги өз булактарына шилтеме берүү менен жергиликтүү жашоочулар Toyota унаасындагы жүргүнчүлөрдү кармап алып, аларды өз алдынча жазалоого аракет кылышканын, бирок милиция кызматкерлери токтотуп калганын жазды.

Пикир

Оставить комментарий